Кыргызстандан Кытайга жаңы, үзгүлтүксүз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Сиань-Бишкек-Сиань авиакаттамы 27-марттан тарта каттай баштайт. Каттам жумасына эки жолу, тагыраагы дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырылат.
Каттамды Кытайдын "Loong Air" авиакомпаниясы ишке ашырат.