Дыйкандарга күйүүчү майды арзан сатуу улантылууда

Өлкөдө дыйкандарга дизель отунун 65 сомдон сатуу уланууда. Аны алуу үчүн фермерлер жергиликтүү айыл өкмөттөргө кайрылышы керек.

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды колдоо максатында жакын арада кошумча дагы 3 миллион литр дизель отуну берилерин маалымдады.

"Дыйкандарды мамлекеттик колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан май куюучу компаниялардын бири аркылуу дыйкан-фермерлерге 65 сомдон 3 миллион литр дизель отуну берилип жатат. Жакын арада кошумча дагы 3 миллион литр дизель отуну берилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, республика боюнча жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 42,1 миң тонна күйүүчү май керектелет. Өлкөдөгү май куюучу жайларда дизель майы 75 сомдун тегерегинде сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан