Чүй облусунун аймагында унаа жолдун боюнда куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта ӨКМдан билдирди.
Ага ылайык, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 16:43тө Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан (Кант шаары) 1 бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 17:06да чектөөгө алынганы жана кошумча маалымат берилери айтылды.
Белгилей кетсек, бүгүн эле Боом капчыгайында эки жерде өрт чыкты.