"Доору бүттү". Toyota компаниясы Японияда Camry унааларын сатууну токтотту

Toyota компаниясы 43 жылдан кийин япон базарында Camry бизнес седанын сатууну токтотот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Toyota жыл аягында ички керектөөчүлөр үчүн Camry чыгарууну токтотуу боюнча япон дилерлерине кабарлады. Мындан улам ички сатуулар акырындык менен токтотулат жана Toyota жаңы буйрутмалардын көбүн кабыл алууну токтотту.

Ал эми компания тышкы керектөөчүлөр үчүн Camry унаасын чыгарууну токтопоору күтүлүүдө.

1980-жылдан бери Японияда ар кандай муундагы 1 миллион 300 миңден ашык Camry унаасы сатылган. Бирок 2022-жылы жергиликтүү базарда болгону 6000дей эле Camry сатылган. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдө 600 миңден ашык нускасы сатылган.

Бүгүнкү күндө Toyota Camry унаасы 100дөн ашык өлкөлөрдө сатылат. Бул модель АКШда өзгөчө популярдуу деп эсептелинет. Ошол эле учурда бул моделдеги унаа Кыргызстанда дагы популярдуу жана унаа базарда өтүмдүү унаалардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан