Бишкек шаарынын Көк-Жар айылындагы «Сары Челек», «Сейтек», «Искендер» турак-жай комплекстеринде 27-28-мартта жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдирди.
Белгилүү болгондой, бул күндөрү Шабдан Баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жаратылыш газына кошуу, №62 газды жөнгө салуучу пунктунун жабдууларын жогорку кубаттуулуктагы жабдууларга алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Мекеме шаар тургундарынан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.