Бишкекте акча талап кылууга шектүү 3 милиция кызматкери кармалды

Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 3 кызматкери акча талап кылуу фактысына шектелип кармалды. Маалыматты УКМКдан кабарлашты.

Такталгандай, алар массаждык салондордун ээлеринен аларды “калкалоо үчүн” системалуу түрдө опузалап акча алуу фактысына шектелүүдө.

"Бүгүн, 24-мартта Биринчи Май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. кармалды. Алар кылмыштуу сүлөшүүлөргө барып, Бишкектин аймагында жайгашкан массаждык салондордун ээлеринен акча каражаттарын алуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталган.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаанын массаж салондорунда негизсиз рейддерди жүргүзүшкөн. Негизги максат - аларды “калкалоо үчүн” ай сайын 500дөн 1000 долларга чейин акы алып туруу болгон.

Белгилей кетсек, массаждык салондордун ээлери менен Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы өзү сүйлөшүп, өзүнүн кызмат абалын колдонуп, иштеп жаткан бизнесин мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын “акы төлөө” шартын койгон. Салон ээлери баш тарткан учурда түшкөн арыздык материалдардын негизинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп, аларды камакка алуу түрүндөгү кесепеттерге алып келет деп коркутушкан.

Акча каражаттарын алуу процессинде бул кызматкерлер ар кандай ыкмаларды, анын ичинде бир жолу колдонулуучу электрондук банк карталарын, ишенимдүү акча алмаштыруу жайларын жана башкаларды колдонушкан", - деп жазылат маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен жапа чеккен жарандарды кайрылууга чакырат жана берилген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан