Боомдо чыккан ири өрт чектөөгө алынды

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылында ачык аянтта чыккан өрт саат 18:04тө чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда жеринде өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүн аталган аймактагы ачык аянтта ири өрт чыгып, анын аянты болжол менен 50 гектарды түздү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 140тай адам тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан