Ички иштер органдарындагы бир катар жектекчилер кол алдындагы өздүк курамга көзөмөлдүн жана кызматтык тартиптин начардыгы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кызматтан бошотулган жетекчилер:
- Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев,
- начальниктин ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын подполковниги Улан Орозалиев,
- начальниктин кадр иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги Эрмек Момуналиев
- Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Улан Бектемишов.
Тартип жазасы берилген кызматкерлер:
- Бишкек ШИИББнин начальниги милициянын полковниги Азамат Ногойбаевге “катуу сөгүш”;
- Бишкек ШИИББнин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Кылычбек Жолдошовго,
- Бишкек ШИИББнин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Данияр Рыскуловго,
- Бишкек ШИИББнин Кадрлар бөлүмүнүн начальниги милициянын майору Айбек Ибраимовго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы;
- ИИМдин ички иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Таалайбек Турганбаевге,
- Бишкек ШИИББнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Улан Бердибаевге “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди.
Кызматка жаңы дайындалган жетекчилер:
- милициянын полковниги Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИББнин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБнин начальниги кызматына;
- милициянын полковниги Айбек Ажыбаев Чүй ОИИББнин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары болуп дайындалды.
- милициянын полковниги Талантбек Асаналиев Бишкек ШИИББнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына;
- милициянын полковниги Нурмат Давлетов ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун санариптик көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБнин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары болуп дайындалды.
- Чүй ОИИББнин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Руслан Аралбаевге;
- Биринчи Май РИИБинин начальнигинин кадр боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын подполковниги Мирлан Казымбековго жүктөлдү.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 24-марттагы ИИМдин кезексиз коллегиясында кабыл алынган.
Белгилей өтсөк, кечээ, 24-мартта Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 3 кызматкери акча талап кылуу фактысына шектелип кармалганы маалымдалган.