ӨКМ аба ырайы боюнча чукул билдирүү таратты

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.

Ага ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

"25-марттан 27-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу жана Сөөк, Кара-Гөө ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан