Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Белгилүү болгондой, жер силкинүү 25-март саат 02:53 чамасында болуп, Нарын районунун Төш-Булак, Жан-Булак, Достук, айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.