Үлгүрүп калыңыз. Салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн бир жума убакыт калды. Бул тууралуу Салык кызматы эскертет.

Анда айтылгандай, декларацияны 1-апрелге чейин тапшыруу зарыл.

Аны мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен өлкөдө иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырышы керек.

Мындан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом жана мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларга 3000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же Салык кызматынын сайтынан алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан