ЖКККББ: "Айып пулдар көтөрүлгөндөн тарта жол эрежесин бузган айдоочулар азайды"

Өлкөдө айып пулдар көтөрүлгөндөн тарта каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочулардын саны азайууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

"Буга чейин кээ бир айдоочулар адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп, каршы тилкеге чыгуу менен жол эрежелерин одоно бузган учурлар көп катталып келсе, акыркы күндөрү мындай көрүнүштөр азайып жаткандыгы байкалууда. Анын себеби мурда каршы тилкеге чыгып айдагандар үчүн жоопкерчилик 5500 сом болсо, жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, 15 000 сомго жогорулагандыгы себеп болууда. Ошондуктан айдоочулар жоопкерчиликтен коркуп, жол эрежелерин так сактоого аракет кылууда", - дешти мекемеден.

Мекемеден жол эрежелери үчүн жоопкерчиликтин катаал шарттарына ылайык, эреже бузуулардын бардык түрү азайганын маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2023-03-26 12:32:00
Элдин канын соруп атасыңар мите курттай болуп, жолдорду качан ондойсунар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан