Чүйдө 8 тоннага жакын контрабандалык жүккө бөгөт коюлду

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан өлкө аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып келүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, спирт ичимдиктери Кыргызстандын аймагына эл керектөөчү товарларга жамынып, 1 тонна өлчөмүндөгү атайын идиштерде ташылып келингендиги ачыкталган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын болгон. Аны ташып келе жаткан Мерседес-Бенц «Отего» 1221 үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

"Чүй облусу боюнча салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын жүргүзүү пландаштырылууда" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан