Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук форматта алууга болот

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов мындан ары баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болорун Фейсбук баракчасына жазды.

"Эми балдарыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү. "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк" санариптик документи - бул туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн кагаз формасын алмаштыруучу расмий электрондук документ болуп саналат.

Ал кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Туулгандыгы тууралуу санариптик күбөлүктүн негизги артыкчылыктарынын бири - анын ыңгайлуулугу. Эми аны каалаган ыңгайлуу убакта жана каалаган жерде колдоно аласыз", - деп билдирген Иманов.

Санариптик документти колдонуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

- Бирдиктүү идентификациялоо системасында авторизациялануу (булуттук электрондук кол тамганы калкты тейлөө борборунан бекер алуу керек);

- "Түндүк" мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarket`тен жүктөө;

- Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;

- Тиркемеде "Санариптик документтер" бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан