Садыр Жапаров өлкөнүн абадан коргонуу бөлүктөрүнө күтүүсүз барды

Бүгүн, 26-мартта президент Садыр Жапаров өлкөнүн абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда өлкө башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты.
"1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
Президент Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртуу тапшырылды" деп жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан