Журналисттер менен “Демилгелүү айымдар” Коалициясы жолугуп, кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстандагы аялдардын ишмердигин өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан улуттук күн тартибин талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага өлкөдөгү "Демилгелүү айымдар" Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу боюнча Коалициянын төрайымы Айнура Сагынбаева, аталган Коалициянын мүчөлөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Коалиция менен ЖКМ өкүлдөрүнүн кызматташуу жолдору жана аялдардын ишкерлигин чагылдырууда ЖМКлардын ролу боюнча талкуу жүрдү.

Белгилей кетсек, Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча улуттук күн тартиби "Демилгелүү айымдар" Коалициясы тарабынан иштелип чыккан. Ал - өзгөчө аймактардагы ишкер аялдар үчүн учурдагы көйгөйлөрдүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү максатын көздөгөн аялдардын ишмердигин өнүктүрүү жол картасы.

"Демилгелүү айымдар" Коалициясынын төрайымы Айнура Сагынбаева Коалиция түзүлгөндө алгач 19 өнөктөшү болсо, кыска убакыттын аралыгында анын саны 31ге жеткенин кеп кылды.

"Биз жырым жыл мурун өнөктөштөрүбүздүн көмөгү менен бизнес-ассоциациялар биригип, Коалиция түзүү ишине киришкенбиз. Анын негизги максаты - экономиканы көтөрүү болду. Бүгүнкү күндө 31 ишкер аялдардын тобунан түзүлгөн Коалиция өлкөдөгү 41 535 аялдын кызыкчылыгын коргойт. Алгач Коалицияда 19 бизнес- ассоциация бар болсо, анын саны жарым жыл ичинде 31ге жетти. Дагы бир жолу баса белгилеп өткүм келет, чындыгында алардын баары ишенимдүү өнөктөштөр. Бул сан биз үчүн чек эмес. Биргеликте чоң иштерди жасай алабыз" - деген Сагынбаева Коалиция бардык тармактагы бизнес-ассоциациялар менен иш жүргүзөрүн билдирди.

"Биздин максатыбыз - жыйынтык көрсөтүү. Экономикалык көрсөткүч, кыргыз аялдарынын ишмердүлүүгү эл аралык аренага чыгышын, Европа, Америка, Кытайда бизнес филиалдарын ачылганы, жумуш орундары түзүлгөнү жөнүндө айткыбыз келет. Мындан улам улуттук күн тартибин иштеп чыкканбыз", -деп кошумчалады ал.

Саамалыктын алкагында Коалиция мүчөлөрү менен ЖКМ өкүлдөрүнүн ортосунда суроо-жооп орун алып, айымдардын ишкерлигин жайылтуу боюнча маселелер кызуу талкууланды.

Стастикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда аялдардын экономикалык активдүүлүгүнүн деңгээли 43 пайызды түзөт. Коңшу Казакстанга салыштырсак, ал жакта бул көрсөткүч 64 пайыз. Ишкер аялдар стереотиптер, социалдык жана экономикалык тоскоолдуктар сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарга туш болушат.

Учурда юридикалык жак катары катталган кичи жана орто ишканалардын жектекчилеринин арасында аялдардын үлүшү чакан ишканаларда 30 пайызды түзсө, орто ишканаларда 43,5 пайызды түзөт. Ал эми жеке ишкерлердин арасында аялдардын үлүшү 35 пайызды түзөт. Эгерде акыркы 10 жылдын ичинде ишкерлик менен алектенген эркектердин саны 100 миң адамга өссө, өз алдынча иштеген аялдардын саны дээрлик өзгөргөн эмес.

Маалыматка ылайык, Коалиция WAGE демилгеси менен 2021-жылы ноябрь айында түзүлгөн. Эки жылдын ичинде Коалиция өлкөнүн ар бир аймагында 2200дөн ашык ишкер аялдар менен консультациялык жолугушууларды өткөрдү. Анда ишкерлер бизнес ачууда жана жүргүзүүдө туш болгон тоскоолдуктар менен бөлүшүштү. Анын негизинде Коалиция аталган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издеп Улуттук күн тартибин иштеп чыккан.

Иш-чара Кыргызстандагы ишкер айымдарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү менен өлкө экономикасын көтөрүү жана алардын ишмердигин жайылтуу максатын көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан