Ошто кызганычтан улам күйөөсү аялын бычактап салды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 2-апрель күнү кечинде Ак-Буура дарыясынын жээгинде болгон. Анда күйөөсү аялын артынан аңдып жүрүп, жубайы башка эркек менен дарыянын жээгинде отурганын көргөндөн кийин барып бычактап салган.
Натыйжада 2000-жылы туулган аялы окуя болгон жерден каза болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун 1995-жылы туулган күйөөсү кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.