"Тургундар ылай суу ичүүгө аргасыз". Айыл жашоочулары президентке кайрылды

Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын Ак-Өргө конушунун тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, суу көйгөйүн көтөрдү.

Айтымында, көп жылдан бери 30 түтүн тургун арыктагы кир суудан ичүүгө аргасыз болуп келет.

"Ак-Өргө конушундагы чечилбеген таза суу маселеси мышык ыйлай турган абалда. Айыл тургундары мал менен кошо ылай суудан ичүүгө аргасыз болуп келишүүдө. Ошондон улам оорулар көбөйүп, адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратып жатат. Буга чейин өкмөткө жана тиешелүү мекемелерге көп жолу кайрылуулар болуп, бирок такыр жыйынтык чыкпай келет. Таза суу маселесин чечип берүү үчүн айыл тургундары президенттен, өкмөттөн жардам сурайт. Бул кайрылууну көңүл сыртында калтырбоону суранабыз", - деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Видео
Айыл жашоочулары президентке кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан