ЭЛДИК КАБАР: Тургун электр чубалгылары адамдарга коркунуч жаратып жатканын эскертти

Токтогул районунун Кызыл Өзгөрүш айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Ал айылдагы электр чубалгылары көп жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн тургундарга коркунуч жаратып жатканын эскертти.

"Кызыл Өзгөрүш айылына караштуу Чеч-Дөбө айылынын Туйба Боргемиков көчөсүндөгү үйлөргө туташкан электр чубалгыларын 1995-жылдары айыл тургундары өз күчү менен койгон. Арадан ушунча убакыт өтсө да зым-карагайлары алмаштырылып оңдолгон эмес. Азыр чирип, кулап калуу коркунучу бар. Аталган электр линиясы үйдүн арткы бөлүгүнөн кесип өткөндүктөн бак-шакка жана айдоо жерлерибизге ыңгайсыздык жаратууда.

Айыл тургундары эки жолу айыл өкмөткө арыз бергенбиз. Ал берилген арыз айыл өкмөт башчысына жеткенин же жетпегенин билбейбиз. Эч кандай аракет көрүлгөн жок. Эгер аталган көчөнүн электр чубалгыларын жол жээгине чыгарып иреттеп бербесе, адам өмүрүнө коркунуч жарата турган абалда", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан