Окурмандын каты: "Баарыбыздын ар кандай түйшүктөрүбүздү жалгыз тарткан сизге оор эмеспи?"

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Айгүл аттуу окурман агасына арнап жазган катын жөнөттү. Ал катында туугандары үчүн жан үрөп аракет кылып жаткан агасынын жеке жашоосун унутта калтырганына зээни кейиген. Анда сөз башынан болсун.

Агама кат

Агам биздин үйдүн улуусу. Кичинекейинен көп түйшүк тартып, жонуна баарыбыздын жоопкерчилигибизди артып келет. Ар дайым ата-энебизди, ага кошуп жогорку окуу жайда окуган мени бакты. Жашы 29га караса да үй-жай күтөйүн, бир туугандарыма жардам берейин деп жүрүп өзүн жана жеке жашоосун артка таштап койду.
Балким, буга биздин үй-бүлөнүн башынан өткөргөн далай кыйынчылыктар себеп болуп жаткандыр... Кичинекей кезибизде үй-бүлөлүк баалуулуктар, ата-эне жана бала мамилесинен өксүп чоңойдук. Анын себеби башка адамдардын өтө эле биздин жашообузга кийлигишүүсү дейин десем бул жерде үй-бүлө жоопкерчилигин сезбеген атамда да чоң ката бар. Атам бербеген таалим-тарбияны жана чоң боштукту сиз толтурдуңуз.
Агатай, ушул нерсенин баарын жон-териң менен сезип, өз башына эле эмес ата-эне, бир үйдөн тараган үч бир тууганындын түйшүгүн жалгыз өзүң тартып, жеке мага атамдын кетирген катачылыктарын сездирбей, моралдык жактан өксүтпөй, ар дайым кеп-кеңештерине сугарып келдиң. Ал эле эмес жашым 21ге келсе да чоң эле адам болуп калганыма карабастан финансы жагынан колдоп келесиң. Баарыбыздын ар кандай көйгөй, түйшүктөрүбүздү жалгыз тарткан сизге оор эмеспи?
Жаштыгыңыздын ушундай таризде бат өтүп баратканын көрүп кейип, аяп кетем. Бирок менин четте туруп аяганым аздык кылат. Сиздин деле жүрөгүңүзгө бирөө жылуулук тартуулап, турмуштун арабасын эми жалгыз эмес экөөлөп тарткан бир жан болсо деп тилейм. Суу тескери ага албаган сыяктуу, биз да, анын ичинде мен да агымга каршы жүрө албайм.
Убакыт-сааты келсе мен да турмуш куруп, бүгүнкүдөй жаныңызда боло албай калам. Ошол кезде баарыбызга жардамыңызды убагында болушунча берип, бирок жылдар өтүп жалгыз калышыңызды каалабайм.
Аялдык бакыт жөнүндө баары айтышат. Бирок мен бүгүн эркектер да бакытка, жакшы мамилеге татыктуу дегим келет. Ыймандуу жубай жолугуп, буга чейинки кыйынчылыктар жуулуп кетсе экен. Тилерим үй-бүлөлүк бакытка жетип, мага көрсөткөн камкордук менен мээримди өз балдарыңызга беришиңизди каалайм. Мен ишенем, сиз эң мыкты өмүрлүк жолдош, камкор ата боло аласыз. Бир гана сизге тилерим жан дүйнөңүз тынч болсун. Бул дегеним адамдык бакытка жетиңиз! Сиз бул нерсеге татыктуусуз!

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан