Окурман Ак-Өргөдө чечилбей келген көйгөйдү атады

Бишкектин Ак-Өргө конушунда таштанды маселеси толук кандуу чечилбей койду. Бул билдирүү окурман тарабынан бүгүн, 11-апрелде ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келип түштү.

Ал билдиргендей, аталган конушту "Тазалык" муниципалдык ишканасы тейлейт.

"Таштанды чыгарууга бир жума келишсе, экинчи апта келишпейт. Акысын (бир адамга 50 сом) бир айга толук төлөйбүз. Негизи ар жума сайын келиши керек болчу. Эгерде толук келбесе акыны ага жараша алса жакшы болмок.

Тургундардын көпчүлүгү таштандыны унааларына салып, ыргытып келишет. Бирок бардык адамдардын ага шарты жок. Азыр дагы көп билинбейт. Жайкысын мындай кечигүүлөр болгондо таштанды жыттанып, иттер чачып кетет. Мындан улам келемиштер дагы көбөйүп жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан