ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Тогуз-Торо районунун тургуну кайрылды. Ал Суусамыр өрөөнүндөгү жол маселеси каралбай жатканын маалымдап, видео дагы жөнөттү.
"Суусамыр аркылуу Тогуз-Торо районунун эли Казарман-Бишкек багыты боюнча каттайбыз. Жаз келгенден бери Жол тейлөө мекемеси Кожомкул айылынан Суусамырдын ортосундагы жолду бир аз сүздүрүп, карашты. Калганы Кызыл-Ойдон Төө-Ашууга чейинки жол такыр каралбай калды. Карапайым элдин үнү бийликтегилерге жетпей жатат" деген тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.