MBANKтын Кыргызстандагы биринчи флагмандык филиалы, мурунку жана жаңы кардарлар үчүн эшигин ачат!
Расмий ачылышы 13-апрелде «Дордой Плаза-2» соода борборунда болду.
Эми филиалга келгендер тез жана сапаттуу тейлөөнү гана эмес, кошумча жеңилдиктерди да ала алышат: күнүмдүк эс алуу жана тыныгууларсыз саат 09:00дөн 21:00гө чейин иштөө, квалификациялуу кызматкерлер, кардарлар үчүн креативдүү жана жагымдуу атмосфера, жаңы мүмкүнчүлүктөр!
Жакынкы аралыкта кардарлар үчүн дистанциондук электрондук кезек киргизилет – аны филиалга барардын алдында MBANK тиркемесинде онлайн режиминде алуу мүмкүн болот.
MBANKтын жаңы филиалында иштейт:
Кредит берүү бөлүмү;
Кредиттик администрациялоо бөлүмү;
Юридикалык жактарды тейлөө бөлүмү;
Жеке жактарды тейлөө жана кассалык тейлөө бөлүмү.
"Биз бир орунда турбайбыз жана муну өзүңөр көрүп турасыңар. MBANK — бул каалаган финансылык кызматтарды колдоно ала турган биринчи мобилдик банкинг, ошондой эле Экономисттин маалыматы боюнча Кыргызстандын бардык мобилдик тиркемелеринин ичинен №1. Мен сизге эскертип коюуга шашыламын, биз юридикалык жактар үчүн MBusiness жаңы тиркемени ишке киргиздик. Жана биз өз кардарларыбыз үчүн кызматтарыбызды өнүктүрүүнү улантабыз!" - MBANK Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Данияр Мусабаев.
MBANK флагмандык кеңсеси төмөнкү даректе жайгашкан: Ибраимов көч., 115/2, «Дордой Плаза-2» СБ -1-кабат.
MBANK — Биринчи санарип!