Beeline киберкоопсуздукка текшерилди

Заманбап дүйнөдө санариптик компанияларга болгон талаптар, айрыкча маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө дайыма өсүп турат. Сөз жеке берилмелердин жана коммерциялык маалыматтардын чоң көлөмү тууралуу болгондо, кибер коркунучтардан ишенимдүү коргоону кепилдөө керек. «Beeline Кыргызстан» өзүнүн мындай чакырыктарга натыйжалуу каршы туруу мүмкүнчүлүгүн тастыктады.

Компания аудиттен ийгиликтүү өтүп, маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасын түзүү, колдоо жана өнүктүрүү боюнча глобалдык талаптарды аныктаган ISO/IEC 27001:2013 эл аралык стандартына шайкештик сертификатын алды.

Аудиттик текшерүү Европадагы эң абройлуу сертификаттоочу органдардын бири болгон Британиялык Стандарттар Институтунун (BSI) өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн. Сертификаттоо процедурасы маалыматтык коопсуздук процесстерин кылдат тестирлөө, талдоо жана баалоону камтыйт. BSI'нин иштөө ыкмалары бүткүл дүйнөгө таанылган, андыктан бул процесстин ишенимдүүлүгү жана компетенттүүлүгү шексиз.

Расмий сертификация Beeline техникалык жана уюштуруу чараларынын бүтүндөй комплекси аркылуу камсыздаган маалыматтарды коргоонун жогорку даражасын күбөлөндүрөт. Маалыматтык ресурстарды коргоого мындай жоопкерчиликтүү мамиле компаниянын атаандаштык артыкчылыктарына таасирин тийгизет, иштетилген маалыматтардын тактыгына жана купуялуулугуна, ошондой эле Beeline-дын жеке абоненттерине да, корпоративдик кардарларына да өнүмдөрдүн жана кызматтардын ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет.

– «Быйыл Beeline Кыргызстан өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт жана биз бул маанилүү датаны кибер туруктуу уюм расмий статусу менен тосуп жатабыз», - деди компаниянын башкы директору Андрей Пятахин. – «Бул биздин маалыматтык активдерди бекем коргообузду жана Beeline кызматкерлери, кардарлары жана бизнес өнөктөштөрү үчүн коопсуздуктун эң жогорку деңгээлин камсыз кылуубузду чагылдырган маанилүү жетишкендик. Сертификаттоо биздин коопсуздук боюнча болгон тажрыйбаларыбыздын натыйжалуулугун гана тастыктабастан, компаниянын үзгүлтүксүз өркүндөөгө болгон умтулуусун көрсөтөт. Бул биздин уюм катары өзүбүзгө койгон жогорку стандарттардын чагылышы. Биздин миссия – бул стандарттарга жооп берүү жана андан ашуу жана биз мында ийгиликке жетишип жатабыз.

Beeline — жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө 25 жыл!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан