"Кубанып турабыз". Зардалынын борбордук көчөсү жарыктандырылды 

Баткен облусунун алыскы, шарты татаал Зардалы айылынын борбордук көчөсү жарыктандырылды. Мындай билдирүүнү жергиликтүү тургун бүгүн, 20-апрелде ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

"Улуу Орозо айында Зардалыда чоң жумуш аткарылды. Кубанычыбыз коюнубузга батпай турат. Буга себеп айылдын борбордук көчөсүнүн 3500 метр аралыгы жарыктандырылды. Анда күндөн энергия алуу (Солнечная) батрейкалары коюлду. Жарыктандыруу иштерине айыл эли тартылды. Курулуш материалдырын жалгыз аяк жол аркылуу эшек менен ташып келдик. Учурда жумуш толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Жалпы сметалык суммасы 300 миң сомду түзөт" - дейт тургун.

Аталган иш президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен ишке ашканы кабарланды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Зардалынын көчөлөрү жарыктандырылды
видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан