"Керемет Банк" ААК Биринчи май райондук администрациясы менен бирге ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 29-апрелде "Керемет Банк" ААК жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын эмгек жамааты калаадагы А. Боталиев атындагы сейил багында ишембиликке чыгышты.

Банк башкармасы айлана-чөйрөнү тазалоо жана таштандыларды коопсуз утилдештирүү боюнча иш-чараларды ар дайым колдоп, активдүү катышып келет. Бул жолу "Керемет Банктын" кызматкерлери банктын жетекчилиги менен биргеликте коомдук иш күнүнөн четте калбай, сейил бакты иретке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында, банктын жамааты 42 даана жаңы көчөттөрдү отургузуп, канаттуулар үчүн уяларды орнотуп, бакчаны таштандылардан тазалашты.

Ишембилик президенттин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилинде тричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфрастуктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" жарлыгынын алкагында уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан