Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, райондогу Калкты тейлөө борборунун ишине нааразы болду.
Жергиликтүү тургун Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери өз убагында ишти баштабаганын айтып, кезекке тургандардын саны арбын экенин баса белгиледи.
"Эртең менен саат 4тө келип, 27-кезекке жазылдык. Саат 7де 91-адам кезекке турду" дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.