Central Asia Gateway порталы кыргыз бизнесинин Европа менен соода-сатык жүргүзүүсүнө жардам берет

Борбордук Азияда Central Asia Gateway Порталы ишке кирди. Ал Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда соода-сатык жүргүзүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча маалыматтарды порталдардан алып бириктирет.

Соода-сатык жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтарга, өзүнүн товарын эл аралык рынокко чыгарууну каалаган ар бир бизнесмен бир нече жолу басуу аркылуу ээ боло алат. Central Asia Gateway казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек, орус англис тилдеринде жеткиликтүү. Өндүрүмдүн спецификасын эске алуу менен чек аралар аралык соода-сатыктын формалдуулуктары жана шарттары жөнүндө төмөнкү шилтеме аркылуу билүүгө болот: https://infotradecentralasia.org/

«Чек аралар аралык соода-сатыкты жүргүзүүдөгү ачыктык жана жеке сектордун потенциалы эл аралык соода-сатык үчүн чечүүчү мааниге ээ. Central Asia Gateway жана Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун жана анын өнөктөштөрүнүн экспортту башкаруу боюнча аймактык окутуу программасы, жеке сектордун, тактап айтканда кичи бизнестин муктаждыктарына өз убагындагы жооп болуп эсептелет», - Эл аралык соода-сатык борборунун соода-сатык процедураларын жөнөкөйлөштүрүү суроолору боюнча улук кеӊешчиси Пьер Бонтонно деди.

Central Asia Gateway аймакты эл аралык рынокко кошууга жардам берүү үчүн Борбордук Азиянын бардык порталдарынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонот. ЭСБнын жана БУУнун соода-сатык жана өнүгүү боюнча Конференциясынын (ЮНКТАД) техникалык колдоо көрсөтүүсүнүн негизинде иштелип чыккан. Central Asia Gateway соода-сатыктын өнүгүүсүнө жол ачат жана аймакка инвестицияларды тартууда негизги ролду ойноосу мүмкүн. Платформалар БУУнун Экономикалык жана социалдык комиссиясы тарабынан Азия жана Тынч океан өлкөлөрүндөгү мыкты модель деп таанылган соода-сатык маалыматынын куралдары түйүнүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бул түйүн 26дан ашуун өлкөнү камтыйт жана 2022-жылы 2,5 млн. ашуун колдонуучуларга маалымат берди. Бул түйүн дайыма туруктуу түрдө кулачын жайып келе жатат, ыраазычылыктарды алууда жана кызыгууну пайда кылууда.

2021-жылдын 11-ноябрында ишке киргизилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы «Сырткы соода-сатык чөйрөсүндөгу “Бирдиктүү терезе" борбору» МИ тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандын маалымат соода порталын InfoTrade.kg (бул жерде жеткиликтүү - https://info.trade.kg) 22 миңден ашуун колдонуучулар колдоно алышты жана анын аудиториясы өсүүдө.

Central Asia Gateway Порталы дагы кенен мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал соода-сатык процедураларын жөнөкөйлөштүрөт жана жалпы аймак боюнча соода-сатык операцияларынын натыйжалуулугун бизнестин жана мамлекеттик кызматтардын ортосундагы кереги жок өз ара аракеттенишүүлөрдү кыскартуу аркылуу жогорулатат.

«Мен өзүмдүн эл аралык соода-сатыкты жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүмө көбүрөөк ишенип калдым. Мен тиешелүү эрежелерди жана ченемдерди өздөштүрдүм. Укуктарымды жана чек арадагы күтүүсүз кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин билем», - деп айтып берди стартаптын жаш кожойкеси Холбиби Эшонбобоева.

Central Asia Gateway эң өтүмдүү товарлардын 277 ашуун соода-сатык агымдарын кучагына алат жана 160 миңден ашуун колдонуучуларга кызмат көрсөттү. Платформа соода-сатык жүргүзүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча жол карталарын иштер чыгуу үчүн колдонулду жана чек аралар аралык соода-сатык жүргүзүүнү жумшартуу боюнча 40тан ашуун кеңири сунуштамаларды ишке ашырууга жардам берди.

Эсиңиздерге сала кетсек, соода-сатык порталдары Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Эл аралык соода-сатык борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ready4Trade Борбордук Азия» долбоорунун колдоо көрсөтүүсү алдында түзүлгөн.

Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун алкагында аймактык жана эл аралык соода-сатыкты илгерилетүү үчүн, ар бир өлкөдө кичи жана орто ишканалар үчүн акысыз курстар нөлдөн баштап иштелип чыкты жана өткөрүлдү. Жалпы Борбордук Азия боюнча кичи жана орто ишканалардын 4500 ашуун өкүлдөрү чек аралар аралык ченемдик жана процедуралык талаптарга арналган онлайн дагы, жана ошондой эле күндүзгү формадагы окутуу семинарларына жана курстарына катышышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы күндүзгү формадагы инструкторлордун жетекчилиги астындагы семинарларда кичи жана орто ишканалардан 460 ашуун бенефициарлар окутулду, алардын ичинен 54% аялдар. Ready4Trade Борбордук Азия долбоору боюнча окутуу программасынын алкагындагы онлай-курстарда 500 ашуун бенефициарлар сертификат алышты. Кыргызстандагы окутуу программасы боюнча өнөктөшүбүз Кыргыз Экономикалык университети болуп эсептелет. Онлайн-курстар бул жерде жеткиликтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан