"Эшик, терезелери чирип кеткен". Тургундар Ысык-Көлдө мектеп көйгөйү чечилбей жатканын айтышты (фото)

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү-Хутор айылынын тургундары кайрылышты. Алар аталган айылдагы Ишенбек Бейшембаев атындагы жалпы билим берүү мектеби кооптуу абалда экенин, атүгүл эшик, терезе жана полдору чирип кеткендигин кабарлашты.

Тургундардын айтымында, буга чейин жергиликтүү бийлик мектепти толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берерин айткан. Алар беш жылдан бери мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бир топ тийиштүү кызматтарга кат менен дагы кайрылышкан. Бирок андан эч кандай майнап чыкпаганын айтышууда. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп турган учурунда аталган мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берүүнү убада кылганын да кошумчалашты.

Мектептин эшигин оңдоо үчүн ата-энелер акча чогултуп, жаңы эшик салып бергенбиз. Мектептин полу түшүп кетпесин деп балдарды көрүү үчүн ата-энелерди да киргизишпейт. Бул мектептин ордуна жаңы мектеп салуу үчүн долбоор даярдалып, кароодон өткөн. Бирок ал долбоорду окуучулар аз деген жүйө менен жокко чыгарышкан. Ошол эле учурда окуучуларды Чоң-Өрүктү айылындагы Акун Мыктыбек атындагы орто мектебине кошобуз дешкен”, – деди айыл тургуну.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургун Чоң-Өрүктү менен Өрүктү-Хутор айылдарынын ортосундагы аралык 50 мүнөттүк жол экендигин кошумчалады.

Маалымат үчүн: Аталган айылда 200гө жакын түтүн жашайт. Мектеп 11 жылдык билим берет, ал эми ар бир класста 15тен окуучу окуйт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан