Ырчы Самара Каримова өзбек сериалына тартылып жатат

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова көп сериалдуу "Кадырхан" аттуу өзбек сериалына тартылып жатат. SUPER.KG порталы ырчы айымга байланышканыбызда аталган сериал Өзбекстандагы эң көп сериалдуу тасма катары рекорд койгонун айтты.

"Өзбек режиссёру Самидхон Лутфуллаевдин чакыруусу менен "Кадырхан" сериалына кайрадан тартылып жатам. Бул сериалга талап абдан жогору болгондуктан 500 сериал тартылып калыптыр. Буга чейин башка сериалдар 100 сериалга чейин гана жетчү экен.

Убактым тар болгондуктан тартуучу топ Ошко келишти. Мен бул сериалда Разияхан аттуу кыргызстандык бизнес лединин ролун аткарам. Буюрса, август айларында Ташкентке тартуу иштерине барабыз.

Мындан сырткары дагы долбоорлорго сунуштар түшүп жатат. Буюрса, ал долбоорлор дагы ашке ашат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, "Илегилек" спектаклинде жана акын Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" романынын негизинде тартылган "Акшоола" аталышындагы телесериалда башкы ролду аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан