"Айта турган сөздөрүм али алдыда". Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан кеткенин айтты

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы кызматынан кеткенин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, ал ыйгарым укуктарын орун басары Бейшенбек Абдразаковго өткөрүп берген.

"Ардактуу мекендештер, кутмандуу курултайчылар!

Биринчи Элдик курултайдын делегаттары бекиткен регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм.

Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели. "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда", - деп жазган Кошалиев.

Эске салсак, Кадыр Кошалиевдин качкын президент Курманбек Бакиев менен болгон маеги коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү пикирлердин жаралышына себеп болгон. Ал мындан улам 23-май күнү УТРКдан өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан