Кара-Кулжанын Пор айылынын тургундары бийликтен бала бакча куруп берүүнү суранышты

Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Пор айылынын тургундары бийликтен бала бакча салып берүүнү суранышты. Бул тууралуу тургундар SUPER.KG порталынын Элдик кабар бөлүмүнө кайрылды.

Тургундардын айтымында, жакында эле Билим берүү министрлиги тарабынан 3 сааттык бир бөлмөдөн турган бала бакча программасы ачылган. Бала бакчага барган балдарга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары гана көрсөтүлүп, тамак берүү, уктоо каралган эмес. Калкы 2 миңге чукул бул айылдагы ата-энелер буга чейин балдарын үйдө кармап келишкен.

Көп жылдан бери балдарга билим тарбия берүү менен алектенип келген окутуучу Венера Чокмоева балдардын келечеги үчүн санааркайт. Тарбия берүүчүнүн айтымында, бала бакчага барган бала менен бала бакчага барбай эле мектеп босогосун аттаган балдарда чоң айырмачылык болот. Кээ бир балдар жөндөмдүү келип, алар мектептеги программаны өздөштүрүп кетиши мүмкүн. Бирок кээ бир балдарда мектеп программасын окуу, түшүнүү , таанып-билүү, эске тутууда маселелер жаралат. Ошондой эле, бала бакча бөлмөсүндө 27 бала окуп жаткандыгы өтө эле оор болуп каларын айтты. Дал ушул бала бакча маселеси жаңы окуу жылына чейин чечилсе төбөсү көккө жете сүйүнөрүн кошумчалады.

Ушул эле Пор айылынын тургуну Айкыз Бусурман 4 баланын энеси. Буга чейин айылда бала бакча жоктугуна байланыштуу анын 3 баласы бала бакчага барган эмес. Балдарынын келечегине кайдыгер карабаган эне айылдагы 3 сааттык бала бакча программасы ачылганына да салыштырмалуу ырааазы. Бирок ал муну менен эле токтоп калбай, айылга балдар үчүн бала бакча курулса деп тилейт.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын башына карата Улуттук статистикада өлкөбүздө 7 жашка чейинки балдардын 24 пайызы бакча менен камтылган. Бул салыштырмалуу өтө төмөн көрсөткүч.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан