Тургун: "Баткенде наристелерге туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей жатат"

Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей жатат. Бул тууралуу Жаныбек Туланов аттуу Баткен районунун тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды.

Айтымында, аталган аймактагы Калкты тейлөө борборунда жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн кагазы жок болгондуктан күбөлүк берүүнү токтотуп коюшкан. Ошондой эле ал аталган мекеменин жетекчисине кайрылганда балага күбөлүк 15 күндөн бери берилбей жаткандыгын жана тиешелүү кагазга тендер жарыялангандыгын айткан.

екеменин жетекчисине кайрылганыбызда "күбөлүк дайындоочу кагаз келе элек. Тендер жарыялаганбыз" деп айтты. Эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбесе, анда жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү акча да, жөлөк пул алууга документ да тапшыра албай калышат", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан