Кечээ, 1-июнда "Ала-Тоо" аянтында Балдарды коргоо күнүнө карата концерт уюштурулуп, иш-чара бир нече эстрада ырчыларынын коштоосу менен өттү.
Иш-чарада D Billions чыгармачыл тобунун хит ырларын угуу үчүн миңдеген көрүүчүлөр келди.
Белгилей келсек, D Billions тобу балдарга арналган шаңдуу ырларды аткарат. Музыкалык топ Кыргызстанда алгачкылардан болуп бриллиант баскычка ээ болгон. Аталган топтун YouTube-каналында 25,8 миллион жана долбоордун башка каналдарында 35 миллион катталуучусу бар. Ошондой эле D Billions тобунун ырлары дүйнө жүзү боюнча 40 миллиард жолу көрүлгөн.
Видео: Тынчтык Мухамбетов