Тургун Жалал-Абад шаарындагы базарды иретке келтирүүнү суранды

Жалал-Абад шаарынын тургуну калаадагы базарды иретке келтирүүнү суранып, ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды.

Окурмандын айтымында шаардагы "Шабдалы Зар" базарындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго сатуучулар чыгып алган. Тактап айтканда, жолго чыгып алган соодагерлер жана арабакечтер жолдон өтүүгө ыңгайсыздык жаратып келет.

Ага ылайык, тургун жергиликтүү бийликтен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго чыгып алган бардык соода-сатык менен алектенгендерди тазалоону суранды. Мындан тышкары ал дал ушул көрүнүш Жалал-Абад шаарындагы мэриянын маңдайындагы базарда да орун аларын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорго мыйзамсыз чыгып алган обьекттер тазаланууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан