"Жакында той". Ырчы Алмаз Шаадаев сүйүктүүсүн ачыктады

Белгилүү эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев сүйүктүүсүн ачыктады.

Ырчы мырза өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, жакында той болорун белгиледи.

"Сүйүктүү менин угармандарым, сиздерден мага акыркы жылдары эң көп келген сурооңуздарга бүгүн менин жообум бар. Сүйүнүчтүү жооп, сүйүнчү туугандар. Кудайдын каалоосу менен өз сүйүктүүмдү жолуктуруп, бирге үй-бүлө куруу алдында турабыз. Менден кабатыр алып, тынымсыз сураган угармандарыма ыраазымын. Жакшылыгымды сиздер менен тең бөлүшөм", - деп жазды Алмаз Шаадаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан