Бүгүн, 5-июнда айрым аймактарда, тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16… 21, күндүз 32… 37;
Талас облусунда түнкүсүн 10… 15, күндүз 28… 33;
Чүй облусунда түнкүсүн 15… 20, күндүз 30… 35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7… 12, күндүз 20… 25;
Нарын облусунда түнкүсүн 3… 8, күндүз 18… 23 градус ысык болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17… 19 градус жылуу, күндүз 33… 35 градус ысык болот.