Алай районунун тургундары бекер медициналык кароодон өтүшүүдө

Саламаттык сактоо министрлигинин алыскы аймактардын тургундарына жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү демилгесинин алкагында Оштун Алай районунун тургундарын мультидиагностикалык көчмө комплексинин кызматкерлери акысыз текшерүүдөн өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай иштер алыскы аймактардын тургундарына жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү демилгесинин алкагында өткөрүлүүдө.

Жашоочулар медициналык кароодон өтүп, дарыланып жана консультацияларды алышууда. Маалыматта диагностикалык кызматтар ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта көрсөтүлүп жатканы айтылды.

"Диагностикалык көчмө комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган, бул ар кандай ооруларды медициналык изилдөөгө жана диагностикалоого кеңири мүмкүнчүлүк берет. Анда анализ жүргүзүү үчүн лаборатория, КТ, маммограф, УЗИ аппараты, рентген аппараты, кичи операциялар үчүн операциялык бөлмө жана башка атайын аппараттар камтылган", — деп жазылат билдирүүдө.

Ушул жылдын 23-мартынан бери Алай районунун 7 553 тургуну медициналык кароодон өтүп, 37 миңден ашууну медициналык кеңеш алышкан.

Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген, бул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармек, жабдуу жана күйүүчү-майлоочу каражат менен, ал эми медицина кызматкерлерин эмгек акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлердин кабинеттери, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору, калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан