Ырчы Сайкал Садыбакасова уулуна арнап чоң той берди

Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова кызы, ырчы Сайкал Садыбакасованын уулуна арнап той берди. Андагы сүрөттөр жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү. Тойдун жүрүшүндө ырчы уулун эл алдына өзү ырдап алып чыккан.

Белгилүү болгондой, Садыбакасованын уулунун аты Амантур. Ал 2 жаш 4 айлык.

Социалдык тармактын колдонуучулары ырчынын уулу бар экенине таң калып жатышса, айрымдары ага бакыт каалап жатышат.

Бул боюнча ырчынын өзүнө байланышканыбызда апасы Гүлшайыр Садыбакасованын жакын тууганынын баласын багып алышканын айтты.

"Амантур апамдын жакын тууганынын уулунун баласы. Ал төрөлгөндө эле ата-энеси эки жолго түшүп, ажырашып кетишкен. Бала атасынын үйүндө калган. Анан туугандар макулдашып мага берүүнү чечишкен. Амантур төрөлгөндөн бери эле апам экөөбүз чогуу карап, чоңойтуп келе жатабыз. Бул темага көп токтолгум келбейт. Бирок Амантур биздин үй-бүлөгө бакыт, шаң алып келди. Иним Эркин каза болгондон кийин Амантурдун биздин үй-бүлөбүзгө келгени өзгөчө кубаныч болду. Албетте, Эркиндин орду такыр башка. Ал бизди таштап кеткенден кийин апам экөөбүз тең аябай кыйналдык. Амантурдун келиши менен жүзүбүздө жылмаюу пайда болду. Азыр болсо сүйлөп, "апа" десе жүрөгүм башкача согуп, апам экөөбүз тең бакытка балкып турган чагыбыз. Амантурдун арты менен энелик сезимди сезе алдым десем болот. Ооруса кошо ооруп, ыйлап алам. Апам болсо дүйнөдөгү эң сонун таене. Экөөбүз эки жактан мээрим төгүп, бактылуу балалык тартуулаганы аракет жасап жатабыз. Анын кең келечегин тилеп, элден бата алалы деп той бердик", - дейт ырчы.

Сайкал Садыбакасова Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси. Калк арасына "Эстей жүр" аттуу ыры менен белгилүү болгон. Садыбакасова аткаруучу эле эмес, бир катар обондордун да автору. Учурда легендарлуу "Кыз бурак" тобунун аткаруучу директору.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2023-06-06 07:36:00
Амантур элдин керегине жараган чыгаан жигит болуп чоңойсун ылайым!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан