Бразилияда сасык тумоону балмуздак жана видео оюн аркылуу дарылоону сунуштаган дарыгер кызматтан кетти

Бразилияда сасык тумоо дарты менен кайрылган бейтапка дарылануу үчүн балмуздак жана видео оюн көрүүнү сунуштаган дарыгер кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 9 жаштагы баланы ата-энеси сасык тумоо менен ооругандыгы үчүн мамлекеттик ооруканага алып барышкан. Ал эми дарыгер балага антибиотик, гормоналдык жана ооруну басуучу дарылар, шоколаддуу балмуздак жана Free Fire оюнун ойноону жазып берген.

Бейтаптын апасы дарыгер жазып берген баракты социалдык тармак аркылуу бөлүшкөн. Көп өтпөй социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан нараазычылыктар пайда болуп, дарыгер иштен кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан