Атлантика океанынын түбүндө 93 күн жашаган окумуштуу 10 жылга жашарды

Деңиз флотунун отставкадагы офицери Жозеф Дитури Атлантика океанынын тереңинде үч айдан ашык убакыт жашады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Дитури мындай кадамга океандын алдында жашоо адам денесине канчалык деңгээлде таасир бере аларын аныктоо үчүн барган. Ошондой эле ал суу астында жашоо боюнча 73 күндүк рекордду жаңылаган. Жыйынтыгында ал 10 жылга жашарган.

Андан сырткары Дитуриге дарыгерлер тарабынан изилдөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, клеткалардын жаштыгына жооп берген жана жаш өткөн сайын кыскарган теломерлери 20 пайызга, ал эми сөңгөк клеткаларынын саны 10 эсеге көбөйгөнү белгилүү болгон. Ошондой эле денесиндеги сезгенүү клеткалары дагы эки эсеге азайып, холестериндин деңгээли бир топ төмөндөгөнү байкалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан