"Бакай Банк" мектеп китепканаларына кыргыз тилиндеги адабий китептерди тапшырды

Балдарга билим берүү, каада-салтты сактоо жана мамлекеттик тилди колдоо – эң маанилүү иштер болуп эсептелет. Аларсыз өлкөнүн өнүгүүсү мүмкүн эмес. "Бакай Банк" өлкөбүздүн мектеп китепканалары үчүн беш миңден ашуун китепти Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруу менен Кыргызстандын келечегине өз салымын кошту.


Китеп тапшыруу аземине Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары жана “Бакай Банктын” Башкармасынын Төрайымы Нургүл Сатарова катышты.

Нургүл Сатарова өз сөзүндө "Бүгүн биз элибиздин тарыхын жана акылмандыгын камтыган «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөр» аталышындагы мыкты жыйнакты кубануу менен тапшырып жатабыз. Бул китеп өсүп келе жаткан муундун өз эне тилине болгон сүйүүсүн арттырып, аларды эне тилге аяр мамиле кылууга үндөйт деп терең ишенебиз" – деди.

Уланбек Усеков өз кезегинде банктын жетекчилигине кыргыз тилинин сакталышына жана өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.



Жакында өлкөбүздүн бардык аймактарындагы мектептерге, колледждерге жана жогорку окуу жайларга «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөр» жыйнагы бөлүштүрүлүп берилет.

Китептерди тапшыруу “Бакай Банктын” 25 жылдык юбилейине карата уюштурулган “25 жылда – 25 жакшы иш” девизи алдында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында өткөндүгүн белгилеп кетмекчибиз.

Мындан мурда банк өнөктөштөрү менен биргеликте Панфилов районундагы жетим балдар жана ата-энелери кароосуз калтырышкан балдар тарбияланган мектеп-интернатка жардам көрсөткөн болчу. Ошондой эле банктын кызматкерлери ушул жылы Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы төрт мектепке эмерек тапшырышты. Аталган билим берүү жайларында 3 миңден ашуун балдар билим алышат.

Белгилей кетсек, китептин автору Мухамед Ибрагимов Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери, «Бакай Банктын» негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эгемендүү республиканын ар тараптуу өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон жана бүткүл өмүрүн арнаган инсан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан