Бири сууга кулап түшсө, экинчисинде өрт чыгып... Дүйнөдө катталган эң ири темир жол кырсыктары (фото)

Индиянын чыгышындагы Одиша штатында үч поезддин кагылышуусунда каза тапкандардын саны 288ге, ал эми жараат алгандардын саны 900дөн ашты. Кырсык ушул жылдын 3-июнунда катталган. Аталган окуя буга чейинки темир жол кырсыктарын эске салды. Төмөндө дүйнөдөгү эң ири темир жол кырсыктарын тизмектейбиз.

Шри-Ланкадагы кырсыкта 2000ге жакын адам каза болгон

2004-жылы Шри-Ланкада дүйнөдөгү эң ири темир жол кырсыгы катталган. Алгач Инди океанындагы жер титирөөдөн цунами пайда болуп, темир жолдор бузулган. Жыйынтыгында Шри-Ланканын борборунан Матаро курортуна бет алган поезд кырсыкка учурап, 2000дей адам набыт болгон.

800 адам набыт болгон

1981-жылы Индиянын Бихар шаарынан чыккан поезд Багмати дарыясындагы көпүрөдөн өтүү учурунда сууга кулап түшкөн. Жыйынтыгында 8 вагондуу поезддеги 800дөй адам набыт болгон. XX кылымдын эң ири темир жол кырсыгы аталган окуяга катуу соккон шамал негиз болгону айтылат.

Францияда 700дөн ашык аскер каза болгон

1917-жылы Италиядан Францияга 1000ден ашык аскерди ташыган №612 аскердик поезди ылдамдыкты көзөмөлдөй албагандыктан, темир жолдон чыгып кеткен. Жыйынтыгында, 19 вагондуу поезддеги 700дөн ашык аскер кызматкери каза болгон. Бул Франция тарыхындагы эң ири темир жол кырсыгы катары катталган.

Түндүк Америкадагы эң ири темир жол кырсыгы Мексикада катталган

Гвадалахара поезди 1915-жылдын Колимадан Гвадалахарага барчу темир жолдо рельстен чыгып, 600дөн ашуун адам каза тапкан. Кырсык Мексика революциясы учурунда аскер үй-бүлөлөрүн шаарга жөнөтүү учурунда катталган. 20 вагондуу поезд башкаруудан чыгып, катуу бурулушта терең капчыгайга кулап түшкөн. Жыйынтыгында, 900 адамдын 300ү гана аман калган. Аталган кырсык курман болгондордун саны боюнча Түндүк Америкадагы эң чоң кырсык болуп саналат.

Орусияда 575 адам набыт кеткен

1989-жылы Орусиядагы Уфа шаарынын жанында эки поезддин кагылышуусунан улам 575 адам каза болуп, 700гө жакын адам жаракат алган. Алардын арасында ошол кездеги союздаш 8 өлкөнүн жарандары болгон. Расмий эмес маалыматтарда, каза болгондордун саны 800дөн ашык деп айтылат. Ал эми кырсык газ түтүкчөсүнөн чыккан газ эки поезддин күйүп кетишине алып келген. Жыйынтыгында жарылуудан 7 вагон толугу менен күйүп, 37 вагон жабыркаган.

Эфиопиядагы кырсыктан 400 адам каза болгон

1985-жылы Эфиопияда Дире-Давадан Аддис-Абебага бара жаткан 7 вагондук поезд катуу ылдамдыктан улам бурулушка келгенде темир жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 400дөн ашуун киши каза болуп, 500дөн ашык адам жаракат алган.

Көмүр кычкыл газына ууланып 600 адам көз жумган

1944-жылы Италиянын Балванодогу поезд кырсыгында көмүр кычкыл газына ууланып, 517 жүргүнчү каза болгон. Маалыматка караганда, кырсыкка поезддин Арми тоннелине келгенде жүрбөй калганы себеп болгон. Жыйынтыгында жүргөнчүлөргө аба жетишсиз болуп, көпчүлүгү отурган жеринде набыт кетишкен.

2002-жылы Каирден Луксор аймагын көздөй бара жаткан 11 вагондук жүргүнчү поездинде өрт чыккан. Кырсыктан кеминде 370 адам каза болуп, жүздөн ашык адам жаракат алган.

Испанияда 1944-жылы Леон провинциясындагы Торре-дель-Биерцо шаарына жакын Торро туннелинде тормозу иштебей калган почта поезди жүргүнчү поезди менен кагылышкан. Андан кийин карама-каршы багытта келе жаткан 27 вагону бар көмүр поезди кырсыкка учураган. Үч поезддин кагылышуусунан 500дөн ашуун адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан