Канадада токойлор өрттөнүүдө: 29 миң адам эвакуацияланды

Канаданын чыгышында токойлор мурда болуп көрбөгөндөй өрттөнүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан Нова Скотияда өрт күч алууда. Мындан улам Квебек жана Нова Скотия сыяктуу провинциялардан миңдеген адамдар эвакуацияланды.

Расмий маалыматтарда 214 жерде өрт чыгып, алардын кеминде 93ү көзөмөлдөн чыгып кеткени айтылууда. Ошондой эле өрт болгон жерге жакын аймактарда жашаган 29 миңдей адам эвакуацияланганы кабарланды.

Белгилей кетсек, быйыл Канада боюнча 2,7 миллион гектардан ашык жер күлгө айланган. Ал эми эксперттер өрттүн чыгуусун аба ырайынын кескин ысып кетиши менен байланыштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан