Кадамжайда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары 1-июнда жол кырсыгына кабылган.
"Hyundai Porter автоунаасынын ичинде “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-А жана 9-Б класстарынын окуучулары, ошондой эле класс жетекчилери болгон. Окуучулар мектепте класс жетекчилери менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшүшкөн. Андан соң саат 18:30да Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп, Hyundai Porter автоунаасына 25 окуучу чыккан. Унааны 9-Б классынын жетекчиси (аял киши) айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн",- деп айтылат маалыматта.
Кырсыкка кабылган 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы.
"Окуучу кыздар 6-июнда томографиялык текшерүүдөн өтүшөт. Учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.