Токтобек Асаналиев: "Туулган күнүм менен биринчилерден болуп Астанада жүргөн уулум куттуктады"

Бүгүн, 6-июнда "Ырларым аркылуу Кыргыз элиме кызмат өтөйм" деген эстрада жана фольклор ырчысы Токтобек Асаналиев өздүк майрамын белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда маанайы жогорку деңгээлде экени байкалып турду. Ал түнкү 12ден баштап куттуктоолорду алып жатканын айтты.

"Биринчилерден болуп Астанада жүргөн уулум куттуктады. Андан кийин жубайым, балдарым куттукташты. Мамлекеттик кызматкермин да, азыр жумуштамын. Кесиптештерим, күйөрмандарым тарабынан да жылуу каалоо-тилектерди угуп жатам. Маанайым мыкты. Ушундай күндөрдө элдин уулу экениңе дагы бир ирет сыймыктанып кетесиң. Буюрса, кечинде жакындарымдын, досторумдун курчоосунда белгилеп коёлу деп жатабыз", - дейт ырчы.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев 1975-жылдын дал ушул күнү Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн.

Мектептен кийин Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияны, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, Улуттук консерваторияны аяктаган.

Токтобек Асаналиев "Боогачың сенин болоюн", "Жаштарга", "Асылзатым" жана башка ырлары менен эл оозуна алынган.
6-июнга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан