Ооганстанда 80ге жакын окуучу кыз ууландырылды

Ооганстанда 80ге жакын окуучу кыз ууланды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ооганстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, белгисиз жарандар тарабынан бир мектепте 60, ал эми экинчи мектепте 17 окуучу кыз ууландырылган. Учурда бардык жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык. Кыздардын кантип, ким тарабынан ууландырылганы изилдөөнүүдө.

Белгилей кетсек, мындай окуя 2021-жылы талибдер бийликке келгенден бери биринчи жолу катталып жатат. Буга чейин ооган өкмөтү орто жана жогорку класстын окуучуларына сабакка барууга тыюу салган болчу. Азыр бул мамлекетте кыздар 6-класска чейин гана окуй алышат.

Эске салсак, буга чейин Иранда дагы 30дай мектептин окуучу кыздары белгисиз затка ууланган. Кийин бийлик өкүлдөрү кыздардын атайын ууландырылганын айтып чыккан.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl27
2023-06-06 11:08:00
Кордук коргон кыздар. Талибтер динди тануулап кыздарга кордук коргозуп жатышат
0
baltabai
2023-06-06 11:18:00
Ааа йййй
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан