Скрипкачы Каныш Нурди: "Дүйнөнү, өзгөчө Кытайды багындыргым келет" (маек)

Каарманым Каныш Нурди - кытайлык кыргыз. Ал жүрөк менен музыканы айкалыштырган скрипкасы менен дүйнөнүн булуң-бурчуна Кыргызстанды даңазалап келет. Сиз аны бир нече клиптерден да көргөнсүз. Көп кырдуу талант ээси, бир нече эл аралык сыйлыктардын лауреаты менен чыгармачылыгы, жетишкендиктери жана музыка дүйнөсү тууралуу маек курдук.

- Саламатсызбы, Каныш айым! Алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?

- Мен Каныш Нурди 1997-жылы Бишкек шаарында туулгам. Балалыгым Кытайдагы Кызыл-Суу аймагынын Артыш шаарында өттү. Ата-энем Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы илимий жаатта эмгектенишкен. Атам Нургелди Тургунбай курулуш, сыналгы инженери болсо, апам Айкын Турсун көп жыл бою УТРКда иштеген. Ал “Чыңгыз хан” сериалын кыргызчага, ал эми “Манас” эпосун, Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларын кытайчага которгон. Атам 2013-жылы дүйнөдөн өтүп кеткен, апам болсо азыр Кытайда жашайт.

- Музыка жаатына кандайча келип калдыңыз?

- Музыкага кызыгуум 4-5 жашымда башталган. Апам ырдачу, мен да апамды көрүп ырдап калчумун. Биздин үйдө пианино бар эле, апамдын ырдаганын ошол пианинодо ойночумун.

- Демек, алгач пианино ойногон экенсиз да. Бирок сизди көпчүлүгү скрипкачы катары таанышат. Скрипка менен кантип жакындашып калдыңыз?

- Алгач мектепке пианино бөлүмүнө тапшыргам. Кийин филармониядагы концерттен скрипканы көрүп калып, апама ушул аспапта ойногум келерин айттым. Эртеси күнү скрипка бөлүмүнө тапшырдык. Негизи эки аспапта 4-5 жыл ойнодум. Бирок кийин Кытайга барганда пианино кымбат болуп калды. Ошондуктан скрипка менен эле кетейин деп ушул аспап боюнча окуумду уланттым.

- Билимиңиз жөнүндө кеп козгосок. Кайсы жактан билим алдыңыз?

- Мен билимди эки мамлекеттен алдым. Алгач 2006-жылы Мукаш Ибраев атындагы музыкалык мектепте пианино жана скрипка классында окудум. Андан соң дүйнөдөгү эң алдыңкы үчтүккө кирген Пекин шаарындагы музыка мектебине тапшырдым. Бул мектептин сынагынан өтүү үчүн 3 жыл даярдандым. Тилекке каршы, окуу келишими кымбат болгондуктан кайра Кыргызстанга келүүгө туура келди. 2017-жылы Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясынын скрипка классына тапшырып, 2022-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктадым. Ошондой эле Лондондогу “Падышалык музыка колледжинин” профессору Леонид Кербель менен Эл аралык консерваториянын ректору, профессор Александр Островскийден сабак алдым. Жакында Европага окууга чакырышкан, азыр ошол жакка кетүүгө даярданып жатам.

- Учурда “7 Guzel Music Group” аталышында чоң масштабдагы долбоордо Кыргызстандын атынан катышып жатыптырсыз. Долбоор боюнча айта кетсеңиз?

- “7 Guzel Music Group” аталышында жети түрк мамлекетинин музыкант айымдарынан турган долбоордун катышуучусумун. Бул долбоор түрк музыка маданиятын Азия жана Европадагы мамлекеттерге жайылтууну көздөйт, анда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия жана Болгария өлкөлөрүнөн катышкандар бар. Бул топто дүйнөлүк чыгармалардан сырткары ар бир катышуучу өз өлкөсүнүн чыгармасын ойнойт. Долбоор менен Түркияга, Өзбекстанга, Европага барып келдик. Дагы алдыда көптөгөн пландарыбыз бар.

- Башка өлкөнүн музыканттары менен иштешүү сизде кандай сезимдерди жаратты?

- Ал жакта жүргөндө патриоттук сезим кадимкидей күчтөнөт экен. Кыргызстандын желегин татыктуу көтөрүп, уят кылбаганга аракет кылам. Ар бир катышуучу өз өлкөсү менен мактангысы келет эмеспи, мен да башкалардан артта калбайын деп жакшылап даярданып, мыкты деңгээлде аткаргым келет. Анан албетте, ой-жүгүртүү өсүп, башка мамлекеттин адамдары менен достугубуз бекемделгенин байкадым. Алардын тарыхына кызыгам, айрым сөздөрү да жугуп калат экен.

- Кыргыз музыкасынын башка элдин музыкаларынан айырмасы байкалабы?

- Бизде музыканын ыргагы көп учурда бат-баттан болот. Биз кыргыздар атка жакынбыз го, ошого аттын дүбүртү мээде ойноп турат. Башка өлкөлөрдүн чыгармасы чоюлуп, батыш стилине жакын. Бизде деле жай ыргактагы музыкалар бар, бирок көпчүлүгү салыштырмалуу тезирээк ойнолот.

- Скрипка аспабы боюнча айтып берсеңиз. Бул аспаптын өзгөчөлүгү эмнеде?

- Скрипка - бардык аспаптардын падышасы. Пианино менен скрипка ойнолушу кыйын болгон аспаптарга кирет. Анткени скрипкада “лад” жок, сен аны кулагына байлап туруп ойнойсуң. Бул аспапта ойноо үчүн угуу жөндөмү күчтүү болушу зарыл, музыка мектебине жаш балдарды тандап жатканда да угуу жөндөмү күчтүү, таланттууларды скрипкага алышат. Скрипкада ойноо үчүн талыкпаган мээнет керек, мындайча айтканда спортко окшошуп кетет. Дайыма машыгып турбасаң артка кетесиң, колдоруң ыкка келбей калат. Кыскасы, скрипка жүрөктүн тили менен жакын десек болот.

- Учурда канча чыгармаңыз угармандарга тартууланды?

- Youtube'да жана УТРК каналында жарыяланган 6 клибим бар. Андан сырткары, өзүмдүн Youtube каналымдан кавер кылып аткарган 50дөй чыгарманы көрүүгө болот.

- Буга чейин бир нече конкурстарга катышканыңызды айтып калдыңыз. Таланттуу скрипкачынын кандай сыйлыктары бар?

- Мен негизи 7-8 жашымдан баштап ар кандай эл аралык иш-чараларга катыша баштагам. Жаңылбасам, 15тей жолу биринчиликти алгам. "Ars Polonia" эл аралык сынагынан, “Жубанов” жана “Жаш кербез” музыкалык сынактарынан бир нече жолу байгелүү орундарга ээ болгом. Алардын арасынан Европага жолдомо утуп алган учурум да бар. Ошондой эле Кытайдагы бир нече сынактарга катышкам. Бирок ал жактан байгеге ээ боло алган жокмун, себеби кытайлыктардын деңгээли бизден кыйла жогору турат. Алар күнүнө 10-11 сааттан машыгып, ойноп турушат. Баса, “Castle in the sky” чыгармасы аркылуу УТРКдан да “Жылдын мыкты дебюту” аталгам.

- Азыркы тапта кайсы жерде эмгектенесиз?

- Учурда музыкант катары Борбордук аскер үйүндө иштейм. Андан сырткары ар кандай долбоорлорго катышам. Ага чейин КМШ оркестринде эмгектенгем. Ал оркестр менен Орусия, Беларусь, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттерде концерт койдук. Кыргызстанда эле 3 жолу концертибиз өткөн.

- Музыкадан сырткары эмне менен алектенесиз?

- Мага видео-роликтерге тартылган, фотоаппаратка сүрөт тарткан жагат. Саякатка чыкканды да жакшы көрөм. Буга чейин Кытай, Европа, Чыгыш мамлекеттерине барып келдим. Ошондой эле өзүмдү модель, актриса катары сынап көрүү максатында ар кандай тасма, клиптерге катышып жүрөм. Алсак, кытай тилиндеги кыргыздар тарткан “Ажыдаар адам” тасмасына тартылдым, азыр фильм монтаждалып жатат. Андан сырткары, Асел Кадырбекованын, Алтынай Нарбаева менен Ишен Назаровдун чыгармасында, Жан Сабыровдун клиптерине катышкам.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Мен келечекте дүйнөлүк солист болууну каалайм. Азыр айрым дүйнөлүк солисттер менен социалдык тармактардан жазышып турам, алар менен чогуу жүргүм келет. Ага көп мээнет керек экенин билем, бирок кыялданган ашыкча болбосо керек (күлүп). Кыргызстандын искусство тармагына да салым кошууну максат кылып жатам. Дүйнөлүк белгилүү профессорлордон билим алып, музыкалык мектеп ачуу планымда бар. Тагыраак айтканда, дүйнөнү, өзгөчө Кытайды багындыргым келет. Себеби Кытайда туулуп-өстүм, кытайча эркин сүйлөйм. Азыр ар кандай конкурстарды байкаштырып, өзүмчө даярданып жүргөн чагым.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ийгилик каалайбыз!

SUPER.KG порталынын телеграм каналына катталыңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан