Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өткөрүлөт

Бишкекте 12-13-июнь күндөрү ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Анда атайын концерттик программа уюштурулуп, түрк дүйнөсүнүн 100дөн ашуун искусство чебери катышат.

"12-июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү өтсө, улуттук китепканада ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү жана уюмдун сыйлыктары тапшырылат.

Ал эми 13-июнда улуттук филармониясында түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү уюштурулат. 40 манасчынын бирге манас айтуусу орун алып, ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин чыгармачыл топторунун катышуусу менен "Биз биргебиз" гала-концерти өтмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түрк дүйнөсүнүн биринчи кызматташтык уюму ТҮРКСОЙ 1993-жылы Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан