MegaPay мобилдик тиркемеси мурдагыдан дагы ыңгайлуу жана функционалдуу болуп калды. Заманбап санариптик сервистерден пайдаланууну жактырган тиркеменин колдонуучулары эми телефондун балансынан Кыргызстандагы сегиз банктын карталарын толуктай алышат. Тиркеменин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болгон банктардын тизмеси «Кыргыз-Швейцария Банкы» менен толукталды.
Кызмат үчүн алынуучу комиссия 0 сом! Колдонуучулар смартфон аркылуу жүргүзүлүүчү каржы операцияларын 24/7 режиминде бир нече баскычтын жардамы менен гана ишке ашыра алышат.
MegaPay’ден кайсы банктардын карталарын жана эсептерин комиссиясыз толуктаса болот?
· «Айыл Банк» ААКы;
· «Бакай Банк» ААКы;
· «Кыргызстан Коммерциялык банкы» (MBANK) ААКы;
· Банк «Бай-Tушум» ААКы;
· «РСК Банк» ААКы;
· «ФинансКредитБанк» ААКы;
· «Халык Банк Кыргызстан» ААКы;
· «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК.
Толуктоо үчүн:
же болбосо
Даяр!
Онлайн-толуктоо абоненттерди банктардын кеңселерине баруу убаракерчилигинен бошотот. Муну менен катар, акча каражаты которулган эсепке көз ачып жумганча келип түшөт, ал эми транзакциянын чектери “Төлөмдөр тарыхы” бөлүмүндө сакталып калат.
MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!